05/03/2026
Урматтуу мекендештер! 🇰🇬
Сиздерди Ак калпак майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ак калпак — кыргыз элинин ыйык мурасы, улуттук сыймыгы жана ата-бабалардан калган баалуу белгиси. Ал ак ниеттикти, тазалыкты жана кыргыздын улуу салтын билдирет.
Ар дайым башыбыздан ак калпак түшпөй, элибизде тынчтык, биримдик жана бакыт болсун! Ар бир үй-бүлөгө ден соолук, береке жана ийгилик каалайм.
Ак калпагыбыз ак болсун, кыргыз элим аман болсун! 🤍